Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 23
Максаттуу трансфертти бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78 – беренесинин 3 – бөлүмүнө ылайык , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ Мыйзамынын 34 жана 35 беренелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026- жылдын 11- августундагы №616- т тескемесин жетекчиликке алып ,Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба, инвестициялар,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап , Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 20 753 820,0 сом республикалык бюджеттен субсидия түрүндө келип түшкөн акча каражатын “Нарзан жылуулук” муниципалдык ишканасына 70624 “ККП” бөлүмү,25111100 беренеси , ЛС 4403071251026380 боюнча жылуулук энергиясы менен камсыз кылууга тарифтерди мамлекеттик жөнгө салуу менен байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн жана бекитилсин.
2.Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб- сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%9623.pdf расмий сайтында жарыяланды
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э.У.Умутбеков |