Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-июлу № 49
Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын I жарым жылдыгында (6 айда ) аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчету жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Анаров Саатбек Гафаровичтин 2026-жылдын 6 айында аткарылган социалдык-экономикалык өнүгүү иштери,жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап,айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын корутундуларын эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеш токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылдынI жарым жылдыгында (6 айда)аткарган иштери жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу отчету эске алынсын жана канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнө II жарым жылдыкка төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
а) 2026-жылдын жылдык бюджетинин киреше бөлүгүнүн бекитилген планын толук жана өз убагында аткарууну камсыз кылуу;
б) Салыктык жана салыктык эмес карыздарды жыйноо,жергиликтүү жыйымдардын түшүүсүн жогорулатуу чараларын көрүү;
в) 6 айлык отчетту кароодо депутаттар тарабынан айтылган эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү;
г) Социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген социалдык жана инфраструктуралык обьекттердин курулуш,оңдоп-түзөө иштеринин өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алуу.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрайым Ш.Омурова