Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 31-июлу №116
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын биринчи жарым жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Т. отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айыл өкмөтүнун башчысы Рахман у. Т. 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылган иштер жөнундө отчетун угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын биринчи жарым жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Рахман у. Тайирбектин отчету канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага Гапаров Ш. Б.