Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 31-июлу №117
Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинде кээ бир беренелерге өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2221 (мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар) беренесинен 900,0 миң сом акча каражаты кыскартылуу менен 2215 (дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу) беренесине 300,0 миң сом жана 2231(коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр) беренесине 600,0 миң сом жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу менен иш алып баруу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага Гапаров Ш. Б.