Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 30
"Ак-Суу айылына воркаут менен балдар аянтчасын орнотуу "
долбоорун бекитүү жөнүндө
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, Ак-Суу айылынын №1 Ак-Суу жалпы билим берүү орто мектебинин кичи футол аянтчасынын чыгыш тарабындагы бош жер тилкесине "Ак-Суу айылына воркаут менен балдар аянтчасын орнотуу" долбоорун бекитүү маселесин угуп жана талкуулап Нарзан айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жалпы суммасы 2 040 470 (эки миллион кырк миң төрт жүз жетимиш миң сом) болгон Ак-Суу айылынын №1 Ак-Суу ЖББОМ футол аянтчасынын чыгыш тарабындагы бош жер тилкесине "Ак-Суу айылына воркаут менен балдар аянтчасын орнотуу " долбоору бекитилсин.
2. Долбоорду 1 040 470 (бир миллион кырк миң төрт жүз жетимиш миң сом) өлчөмүндө, кошо каржылоо Москва районунун өнүктүрүү фондунун 1 000 000 (бир миллион сом) суммасында кош каржылоосун эске алуу менен жактырылсын.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
4. Бул токтом каттодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D0%A2%D0%9E%D0%9A%D0%A2%D0%9E%D0%9C-%E2%84%9630.pdf расмий сайтында жарыяланды
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлук жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. | Э.У.Умутбеков |