Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылы 31-июлу №118
Самаркандек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2027-жылдын жергиликтүү бюджетинде дем берүүчү гранттарга кепилдик акча каражаттарын камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34- жана 39-беренесинин негизинде жана Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Самаркандек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн 2027-жылкы жергиликтүү бюджетинен дем берүүчү гранттар аркылуу 3(үч) долбоорду турмушка ашыруу максатында 3,0 млн сом акча каражаты бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу менен иш алып баруу жагы Самаркандек айыл өкмюөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Шайдуллаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Орозовго милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага Гапаров Ш. Б.