КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин XXVII сессиясы
(VIII чакырылыш)
2026-жылдын 25-августу № 27/123
2026-жылдын I жарым жылдыгында Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевдин отчету
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
2026-жылдын I жарым жылдыгында шаардын туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында иш жүргүзүлүп, 2026-жылдын I жарым жылдыгында шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субьектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ иштерди алып барышты.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34–беренесинин 2-бөлүгүнүн 3)-пункттарына жана 48-беренесинин 12-пунктуна таянып, 2026-жылдын I жарым жылдыгында Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэринин отчету шаардык кенештин туруктуу комиссияларында каралгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы, токтом кылат:
- 2026-жылдын I жарым жылдыгында Кызыл–Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын.
- Менчигинин түрүнө карабастан акционердик коомдордун жана башка чарбалык субьектилердин жетекчилерине экономикалык өсүп өнүгүүгө жетишүү үчүн конкреттүү чараларды көрүү жагы сунуш кылынсын.
- Кызыл-Кыя шаарынын мэри Б.Кошалиевге милдеттендирилсин:
– макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
– шаардын социалдык инфраструктурасынын өсүп–өнүгүүсү үчүн жергиликтүү бюджеттин жетишсиздигин эске алып, аны толуктоо максатында, түрткү берүүчү гранттарды тартууну активдештирүү жагы;
– шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен, айрыкча кыш мезгилинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– божомол аналитикалык эсептөөлөр боюнча салыктардын бюджетке, камсыздандыруу төлөмдөрдүн өз убагында жана толук түшүүсүн камсыз кылуу жана кошумча булактарды табуу жагы;
– шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү жагы;
– шаардагы жаш балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, туберкулез, кутурма ж.б жугуштуу ооруулардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт жана дене тарбия менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү жагы;
– шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жагы;
– билим берүү тармагында мектептердин жана балдар бакчаларынын имараттарын күз кыш мезгилине даярдоодо, муктаж болгон мектептерди капиталдык ремонттон өткөрүүдө жана окуу куралдары, китептер менен камсыздоодо иш аракеттерди жасоо жагы;
– шаарды жашылдандыруу максатында эгилген бак-дарактарга тийиштүү кам көрүү жагы;
– 2026-жылдын бюджетине бекитилген иш чараларды аткаруу максатында, иш чараларды мамлекеттик сатып алуулар порталына өз убагында жарыялоону жана аткарууну көзөмөлдөө жагы;
– шаардын архитектуралык жактан көрүнүшүн жакшыртуу максатында, шаардын Башкы планын тез арада сапаттуу даярдалышын камсыз кылуу жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө иштерин күчөтүү жагы.
- Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана Кызыл-Кыя шаардык кенешинин kyzyl-kiya.gov.kg сайтына жарыялансын.
- Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрагасы А.Мурзаевге жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Мурзаев