Редакцияот 21.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу № 45

 

Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бекитилген бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

   Орозбеков айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адиси Н. Амирбековдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51,78-беренелерине ылайык,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык  кеңешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу  комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат: 

1. Өнүктүрүү саясат институту менен гранттык макулдашууну түзүү жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүү) катары берилген грантты  (84000 сексен төрт миң) сом пайдалануу максатында Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине киреше бөлүгү 84000 (сексен төрт миң) сомго, чыгаша бөлүгү 84000 (сексен төрт миң) сомго өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун негизинде Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Орозбеков айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башачысы Д. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.

3. Токтом  Орозбеков айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында  жарыялансын.

4. Айылдык  кеңештин  жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен  облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

   

 

Төрага                                                                                                    К.Каримов