Редакцияот 21.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу № 46

Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө

  Орозбеков айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын, социалдык объектилердин 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маселени карап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34.39-беренелерине негиз жана мекеме-ишканалардын жана социалдык объектилердин кыш мезгилин үзгүлтүксүз жана коопсуз өткөрүүсүн камсыз кылуу максатында Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана башка социалдык объектилердин 2026/2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жүргүзүлгөн иштери көңүлгө алынсын.

2. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине карамагындагы объектилердин күз-кыш мезгилине даярдыгын өз убагында бүткөрүү жана жылытуу мезгилинде коопсуздукту камсыз кылуу сунушталсын.

3. Айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине күз-кыш мезгилинде мекеме-ишканалардын даярдыгына мониторинг жүргүзүү жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюу боюнча чараларды көрүү тапшырылсын.

4. Айыл аймактагы билим берүү мекемелеринин күз-кыш мезгилине карата от казандарын оңдоп-түзөөгө жана электр энергиясы үлгүлтүккө учураганда пайдалануу үчүн генератор сатып алууга  айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөгөн каражаттын эсебинен 1000 000(бир миллион) сом бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

5. Күз-кыш мезгилинде авариялык жана өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө максатында тиешелүү мекеме-ишканаларда жооптуу кызматкерлер дайындалып, алардын күнү-түнү байланышта болуусу камсыз кылынсын.

6. Токтом Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында       жарыялансын.

7.  Айылдык  кеңештин ажооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун      көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик       реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен       облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

8. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик       реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана       адам укуктарын коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

      

 

Төрага                                                                                                    К.Каримов