Редакцияот 21.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги он сегизинчи сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу № 49

Кудук айылынын Ардагерлер көчөсүнө Мансуров Айнидин Доороновичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

   Кудук айылынын тургундарынын демилгесин жана  2026-жылдын 13-августундагы  №1 протоколунун сунушун карап чыгып,  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34.39-беренелерине  ылайык, Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдык 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “ Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, георграфиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө”  Жобонун 9-пунктунун 7-бөлүмчөсүнө, 12-пунктуна  жана айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кудук айылынын Ардагерлер көчөсүндө жашаган  1987-1989-жылдары Афганистанда интернационалдык милдетин өтөгөн, мекенине кайтып келгенден кийин ички иштер кызматында эмгектенип, “подполеовник” чинин алган. Ошондой эле айылдын коомдук турмушуна активдүү катышкан, Мансуров Айнидиндин эмгегин эске алуу жана жаш муундарга үлгү катары көрсөтүү максатында Кудук айылындагы “Ардагерлер” көчөсүнө  Мансуров Айнидиндин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Көчөгө ысым ыйгаруу боюнча  тиешелүү документтерди даярдап,  мекеме-ишканаларга жана тиешелүү мамлекеттик органдарга киргизүү Орозбеков айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Токтом  Орозбеков  айыл өкмөтүнүн  orozbekov.gov.kg  расмий веб-сайтында   жарыялансын.

4. Айылдык  кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик  реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча  туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

   

 

 

Төрага                                                                                                    К.Каримов