ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2026-жылдын 11-августу № 40
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка айылынын Р.Турсунбоев көчөсүнүн жашоочусу Таджибаева Гулнаранын арызын кароо жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка айылынын Р.Турсунбоев көчөсүнүн №15 дарегинин тургуну Таджибаева Гулнаранын Р.Турсунбаев көчөсүнө төшөлгөн асфальтты кесип таза суу түтүгүн өткөрүү жөнүндөгү арызын карап чыгып, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Арка айылынын Р.Турсунбоев көчөсүндөгү асфальтты кесип таза суу түтүгүн өткөрүү боюнча маселени карап чыгып, таза суу түтүгүн өткөрүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, адистер тарабынан кылдат изилдөө жүргүзүлүп, төшөлгөн асфальтка зыян келтирбөөчү ыкмалар жана жолдор каралсын. Бул үчүн альтернативдик чечимдер (мисалы, асфальттын астынан же үстүнөн темир түтүк аркылуу өткөрүү ж.б.) каралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.