ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясы
2026-жылдын 11-августу № 42
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын К.Нарбаев №19/5 дарегиндеги Маматкулов Абдали Бойировичке тиешелүү болгон турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндөгу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздарынын жана Жер Кодексинин 21-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
- Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылынын К.Нарбаев №19/5 дарегиндеги Маматкулов Абдали Бойировичке тиешелүү болгон турак жай үчүн берилген жеке менчик жердин бир бөлүгүнүн (0.05га) максаттуу багытын авто унааларды жуучу жайга өзгөртүүгө макулдук берилсин.
- Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жана мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү иш кагаздарын тактоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.