Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-августу № 43
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылындагы муниципалдык менчиктеги жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Достук айылындагы муниципалдык менчикте турган жердин (ид. код 8030310030849) багытын намазкана куруу үчүн өзгөртүү үчүн Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Достук айылында муниципалдык менчикте турган (ид.код 8030310030849) жердин багытын Намазканага өзгөртүү үчүн Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына тийиштүү иш кагаздарын тиркөө менен кат жөнөтүлсүн.
2. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жана мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык тиешелүү иш кагаздарын тактоо жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Ж.Мурадилов