Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-августу № 45
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы №502 «Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-пунктун аткаруу, айыл аймагындагы көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоону уюштуруу, көрүстөндөрдү эсепке алууну жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
· айыл аймагындагы көрүстөндөрдү эсепке алуу жана алардын актуалдуу тизмесин түзүү;
· көрүстөндөрдүн схемасын (планын) тактоо;
· бош жана брондолгон көмүү жайларын эсепке алууну уюштуруу;
· көмүү жайларын брондоо боюнча жарандардын арыздарын кабыл алууну жана каттоону уюштуруу;
· брондолгон көмүү жайлары боюнча өзүнчө реестр жүргүзүү;
· бир эле көмүү жайынын кайрадан башка адамга брондолуп же берилүүсүнө жол бербөө;
· көрүстөндөрдүн санитардык абалын жана көрктөндүрүлүшүн камсыз кылуу;
· жарандарга көмүү жайларын брондоо тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Төрага: Ж.Мурадилов