Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-августу № 46
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун айыл аймагында ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №795 «“Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу, маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштерди айыл аймагынын деңгээлинде уюштуруу, көрүстөндөрдү тиешелүү тартипте пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
· айыл аймагындагы көрүстөндөрдүн абалын жана жайгашкан жерлерин тактоо;
· көрүстөндөрдү эсепке алууну уюштуруу;
· көрүстөндөрдүн санитардык абалын жана тазалыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
· маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча иштерди мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу;
· көрүстөндөрдү көрктөндүрүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;
· жарандарга маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу боюнча мыйзамдарда белгиленен талаптар жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү; .
Төрага: Ж.Мурадилов