Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 11-августу № 47
“Кыргызстандын 60 жылдыгы” жалпы билим берүү мекемесине Толбаев Балтабай Толубаевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагынын Жаштык айылынын жалпы элдик жыйынынын жана “Кыргызстандын 60 жылдыгы”ЖББМнин эмгек жамаатынын өткөргөн жайынынын протоколдорунун негизинде, Толбаев Балтабай Толубаевичтин Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө кошкон зор салымы, көрүнүктүү ишмердиги үчүн жасаган эмгегин эске алуу менен анын билим берүү чөйрөсүндөгү эмгегин баалап, жаш муундарга үлгү катары көрсөтүү максатында Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кыргызстандын 60 жылдыгы” жалпы билим берүү мекемесине Толбаев Балтабай Толубаевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын мыйзамдарда белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Ж.Мурадилов