Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 32
Жолдорду капиталдык ремонт жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78- беренесинин 3- бөлүмүнө ылайык , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 34 жана 35 беренелерин жетекчиликке алып, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Жолдорду капиталдык оңдоодо төмөндөгү көчөлөр ирээти менен жүргүзүлсүн:
1. Тополев көчөсү 2.Луговой көчөсү 3.Новая көчөсү 4.К.Маркс көчөсү 5. Ак- суу тар көчөсү
2.Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб- сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%9632-1.pdf расмий сайтында жарыяланды
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э.У.Умутбеков |