Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 24
Унаа каражаттарын “Таза Нарзан”
муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүүсүнө берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесин жетекчиликке алып жана Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде, 2026-жылы чыгарылган төмөнкү транспорт каражаттарын: HENGWANG HWL-80-6 экскаваторун, көлөмү 18 м³ болгон Шумкар/CSC суу ташуучу автоцистернасын, көлөмү 25 м³ болгон DONGFENG таштанды ташуучу автоунаасын, көлөмү 16 м³ болгон DONGFENG ассенизатордук автоунаасын, көлөмү 18 м³ болгон CHENGLIWEI таштанды ташуучу автоунаасын, Трицикл Желмаян мотороллерин, , Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Нарзан айыл өкмөтүнө 2026-жылы чыгарылган төмөнкү транспорт каражаттарын: HENGWANG HWL-80-6 экскаваторун, көлөмү 18 м³ болгон Шумкар/CSC суу ташуучу автоцистернасын, көлөмү 25 м³ болгон DONGFENG таштанды ташуучу автоунаасын, көлөмү 16 м³ болгон DONGFENG ассенизатордук автоунаасын, көлөмү 18 м³ болгон CHENGLIWEI таштанды ташуучу автоунаасын, Трицикл Желмаян мотороллерин «Таза Нарзан» муниципалдык ишканасынын чарба жүргүзүүсүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%9624.pdf расмий сайтында жарыяланды
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э.У. Умутбеков |