Загрузка документа…
| (Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 12-августундагы № 28 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасы
Чүй облусу Москва району
Нарзан айыл өкмөтү
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин 20-
беренесинин негизинде Балдардын укуктарын жана
кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча 2026-жылдын
II-кварталында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат
2026-жыл
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин
20-беренесинин негизинде Балдардын укуктарын жана
кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча 2026-жылдын I- кварталында
жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалыматы
Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын аткарылышын камсыздоо максатында:
«Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө»;
«Балдарга карата ырайымсыз мамиледен жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо жөнүндө»;
«Мигранттардын балдары жөнүндө»;
«Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө»;
«Эрте никелердин алдын алуу жөнүндө»;
«Суициддин алдын алуу жөнүндө» мыйзамдарынын алкагында:
Көрсөтүлгөн социалдык жардам:
Кыргыз Республикасынын «Балдар жөнүндө» Кодексинин 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Нарзан айыл өкмөтү тарабынан балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндө жүргүзүлгөн иштер жөнүндө 2026-жылдын II кварталынын жыйынтыгы боюнча маалымат 2026-жылдын 18-майында жергиликтүү кеңештин сессиясында каралган.
Нарзан айыл аймагында караштуу Беловодск айылынын Кызыл Октябрь клубунда 2026-жылдын 28-майында жаштар үчүн өзгөчө мотивациялык жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чара Москва райондук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп Нарзан айыл өкмөтү жана Москва райондук билим берүү бөлүмү тарабынан колдоого алынды.
Жолугушууга белгилүү кыргызстандык спортчулар – Акжол Махмудов жана Жоломан Шаршенбеков катышып, окуучулар менен ачык баарлашуу өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – жаштарды спортко үндөө, сергек жашоо образын жайылтуу жана өспөрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун алдын алуу болду.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы ПЖ №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужол Жарлыгынын негизинде, Москва райондук прокуратурасынын демилгеси менен, Москва райондук билим берүү бөлүмү жана Нарзан айыл өкмөтү уюштурган 6–7-класстар арасында футбол оюну боюнча окуучулар арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана
«Зордук-зомбулукка каршы – достук үчүн футбол!» спорттук мелдеши бүгүн, 17-апрель №1 Ак-Суу жалпы билим берүү мектебинин жанындагы Балдар спорттук мектебинин базасында өттү.
Жыйынтыгында: Кыздар командасынан:
* 1-орун – Ак-Суу №1 ЖББМ;
* 2-орун – Ак-Суу №4 ЖББМ;
* 3-орун – №2 БЖББМ.
Активдүү катышкандыгы үчүн: К.Сыйданов атындагы ЖББМ жана №3 БЖББ мектептери сыйланды.
Жыйынтыгында: Балдар командасы:
* 1-орун – Биринчи май ЖББМ;
* 2-орун – Ак-Суу №4 ЖББМ;
* 3-орун – №2 БЖББМ.
Активдүү катышкандыгы үчүн: К.Сыйданов атындагы ЖББМ, А.Сыдыков атындагы ЖББМ, Ак-Суу №1 ЖББМ жана №3 БЖББ мектептери сыйланды.
Мындан сырткары: «Мыкты оюнчу», «Мыкты коргоочу», «Мыкты дарбазачы» номинациялары менен кыздар арасынан жана балдар арасынан мыкты оюнчулар тандалып, грамота, кубок менен сыйланышты.
Жыйынтыгында жеңишке жеткен жана активдүү катышкан командалар Москва райондук билим берүү бөлүмү жана Нарзан айыл өкмөтү тарабынан кубок, диплом, медаль, топ ж.б. белектер менен сыйланышты.