Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 29
"Көчөлөрдү жана коомдук жайларды таза кармоо үчүн жууп-тазалоочу
машина сатып алуу" долбоорун бекитүү жөнүндө
Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде, "Көчөлөрдү жана коомдук жайларды таза кармоо үчүн жууп-тазалоочу машина сатып алуу" долбоорун бекитүү маселесин угуп жана талкуулап Нарзан айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жалпы суммасы 5950071 (беш миллион тогуз жүз элүү миң жетимиш бир сом) болгон "Көчөлөрдү жана коомдук жайларды таза кармоо үчүн жууп-тазалоочу машина сатып алуу" долбоору бекитилсин.
2. Долбоорду 3450071 (үч миллион төрт жүз элүү миң жетимиш бир сом) өлчөмүндө кошо каржылоо Москва районунун өнүктүрүү фондунун 2500000 (эки миллион беш жүз миң сом) суммасында кош каржылоосун эске алуу менен жактырылсын.
3. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
4. Бул токтом каттодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D0%A2%D0%9E%D0%9A%D0%A2%D0%9E%D0%9C-%E2%84%9629.pdf расмий сайтында жарыяланды
5.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлук жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. | Э.У.Умутбеков |