Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 26
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн
көбөйтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78 – беренесинин 3 – бөлүмүнө ылайык , Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “ мыйзамынын 34 жана 35 беренелерин жетекчиликке алып ,Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба, инвестициялар,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап , Нарзан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026- жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен төмөнкү киреше булактары боюнча план көтөрүлсүн:
- салык агенти аркылуу төлөнүүчү киреше салыгы – 15 096,1 м.с.
- турак жай эмес имаратка же жайга мүлк салыгын – 791,5 миң сом
- калктуу конуштардагы жерди ижарага алуу акысын -1 047,9 миң сом
Киреше бөлүгү көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу чыгаша бөлүгү да төмөнкү бөлүмдөр жана беренелер боюнча көтөрүлсүн:
- Б.70429 берене 22154900 – 268,3 миң сомго
- Б.70629 берене 31113320 – 6 925,6 миң сомго
- Б 70629 берене 31121290 – 3 450,0 миң сомго
- Б. 70823 берене 22211100 – 400,0 миң сомго
- Б.70823 берене 31113290 – 483,4 миң сомго
- Б.70825 берене 22154900 - 339,2 миң сомго
- Б.70825 берене 22221200 – 160,8 миң сомго
- Б.70921 берене 31112320 - 4 369,8 миң сомго
- Б.71093 берене 27213100 – 538,4 миң сомго
Бардыгы : 16 935,5 миң сом
2026- жылдын 9 айына карата төмөнкү киреше булактары боюнча план көтөрүлсүн:
- салык агенти аркылуу төлөнүүчү киреше салыгы – 25 500,0 м.с.
- турак жай эмес имаратка же жайга мүлк салыгын – 1 500,0 миң сом
- калктуу конуштардагы жерди ижарага алуу акысын -500,0 миң сом
-калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба эмес жерлерге мүлк салыгын - 1 000,0 миң сомго
Киреше бөлүгү көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу чыгаша бөлүгү да төмөнкү бөлүмдөр жана беренелер боюнча көтөрүлсүн:
- Б. 70629 берене 31113320 – 21 700,0 миң сомго
- Б.70629 берене 22211200 – 2 450,0 миң сомго
- Б.70629 берене 22211200 - 1 500,0 миң сомго
- Б.70629 берене 31113290 - 1 000,0 миң сомго
- Б.70921 берене 31113290 - 850,0 миң сомго
Бардыгы 27 500,0 миң сом
2. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Бул токтом Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D1%82%D0%BE%D0%BA%D1%82%D0%BE%D0%BC-%E2%84%9626.pdf расмий сайтында жарыяланды
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого алуу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын у.м.а. | Э.У.Умутбеков |