Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2026-жылдын 10-августу № 30
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Аэропорт участкасында АРИС программасынын каржылоосу менен курулган 225 орундуу жалпы билим берүү мекемесин ачууга макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Аэропорт участкасында АРИС программасынын каржылоосу менен курулуп бүткөн 225 орундуу жалпы билим берүү мекемесинин ишин уюштурууну камсыз кылуу, мектеп жашындагы балдардын билим алууга болгон муктаждыгын канааттандыруу, ошондой эле билим берүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1.Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын С.Садыков көчөсүндө АРИС программасынын каржылоосу менен курулган 225 орундуу жалпы билим берүү мекемесин ачууга макулдук берилсин.
-жаңы курулган 225 орундуу жалпы билим берүү мекемеси: “Баткен шаарынын №5 жалпы билим берүү мекемеси”аталышындагы, “кыргыз тилдүү” билим берүү мекемеси экендиги белгиленсин.
2.Аталган жалпы билим берүү мекемеси Баткен шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилгендиги эске алынсын.
3.Баткен шаарынын мэриясына мыйзамдарда белгиленген тартипте аталган жалпы билим берүү мекемесинин имаратын жана ага тиешелүү мүлктү муниципалдык менчиктен мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте сунуш киргизүү тапшырылсын.
4.Мамлекеттик менчикке өткөрүлгөндөн кийин жалпы билим берүү мекемесинин имаратын жана тиешелүү мүлкүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин карамагына (балансына) өткөрүп берүү боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлсүн.
5.Баткен шаарынын мэриясына мыйзамдарда белгиленген тартипте жалпы билим берүү мекемесин ишке киргизүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү сунушталсын.
6.Баткен шаарынын мэриясы тарабынан:
7.Ушул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
8.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
9.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баткен шаардык Кеңешинин социалдык жана инновациялык жактан өнүгүү, билим берүү саламаттыкты сактоо , ветеринардык, санэпид кызматтары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Аширов