Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2026-жылдын 10-августу № 31
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңыдан курулган “Баткен-Автобекети” Муниципалдык имаратын пайдаланууга берүү жана “Баткен-Автобекети” муниципалдык-чарбалык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын, Баткен шаарынын тургундарына жана шаар аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын сапаттуу уюштурууну камсыз кылуу, шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, жаңыдан курулган “Баткен-Автобекети” муниципалдык имаратын натыйжалуу пайдаланууга берүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алып, Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы токтом кылат:
1. Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңыдан курулган “Баткен-Автобекети” муниципалдык имараты пайдаланууга берилсин.
2. “Баткен-Автобекети” муниципалдык имараты Баткен шаарынын муниципалдык менчигинде экендиги эске алынсын жана аны натыйжалуу пайдалануу Баткен шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
3. Шаар аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын уюштуруу, автобекеттин ишин камсыз кылуу жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү максатында “Баткен-Автобекети” муниципалдык-чарбалык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
4. Баткен шаарынын мэриясына:
· “Баткен-Автобекети” муниципалдык чарбалык ишканасынын уюштуруучулук-укуктук документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгуу жана бекитүү;
· Ишкананы мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
· Ишкананын уставын бекитүү;
· Жетекчисин дайындоо жана ишин уюштуруу;
· Автобекеттин үзгүлтүксүз иштеши үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык шарттарды түзүү камсыз кылынсын;
· Макулдашылган штат бирдиктерин бекитүү.
5.Ушул токтом расмий кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
6.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
7.Токтом мамлекеттик каттоого киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, таза суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын туруктуу комиссиясына /Т.Ураимжанов/ жүктөлсүн.
Төрага А.Аширов