АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Айдаркен шаардык Кенешинин 5- чакырылышынын 24-сессиясы
2026-жылдын 18-сентябры № 14
Айдаркен шаарынын №250-контурунда жайгашкан 0,80 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 34-беренесини жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону жетекчиликке алып, “Өнөр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши токтом кылат:
- Айдаркен шаарынын №250-контурунда жайгашкан 0,80 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) мыйзам чегинде макулдук берилсин.
- Ушул токтомду каттоо жана Айдаркен шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялоо жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
- Токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
- Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаардык кеңештин “Өнөр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
Төрага А.А.Алтымышова