Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 18-сентябры № 14
Айдаркен шаарынын аймагында биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү боюнча комиссия мүчөлөрүн жана “Типтүү жобону” бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, 2016-жылдын 16-майындагы КР Бюджеттик Кодексинин 129-беренесине жана ЖӨБЭММАнын 2024-жылдын 27-декабрындагы №01-25/352 Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобосун бекитүү жөнүндөгү буйругуна ылайык, “Мыйзамдуулук, укук коргоо, регламент, депутаттык мандат, сыйлыктарды берүү жана этика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши токтом кылат:
1) Касымов Нурбек-шаардык мэриянын инвестиция тартуу боюнча башкы адиси;
2) Алматова Айгүл-шаардык мэриянын материалдык эсепчиси;
3) Мурзаева Касиет-шаардык кеңештин депутаты, КААБдын төрайымы;
4) Шамшидинов Шарабидин-шаардык кеңештин депутаты;
5) Сапарбай уулу Бакытбек-жаштар кеңешинин мүчөсү;
Төрага А.А.Алтымышова
Айдаркен шаардык кеңешинин №15-токтомуна тиркеме
Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө
Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү жамааттын Типтүү уставына ылайык иштелип чыгып, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн укуктук негиздерин жана жалпы типтүү шарттарын аныктайт.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо дегенде биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу мониторинг жана баалоо (мындан ары – МжБ) объекттеринин ишинин жыйынтыктарынын жетишкендиктери жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо процессин түшүнүш керек.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары – ЖӨБ органдары) биргелешкен мониторингдин жана баалоонун (мындан ары – БМжБ) уюштуруучулары болуп саналат.
БМжБны жергиликтүү кеңештин чечими менен түзүлгөн, жарандарды, алардын бирикмелеринин өкүлдөрүн жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн камтыган топ жүргүзөт.
БМжБ маалыматтык-телекоммуникациялык системаларды жана технологияларды, анын ичинде социалдык тармактарды пайдалануу менен ачык жүргүзүлөт.
3. ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишине системалуу же убактылуу байкоо жүргүзүү.
ЖӨБ органдарынын ишин баалоо – бул ЖӨБ органдары уюштурган, жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жүргүзүлүүчү мониторинг жана баалоо объекттеринин ишинин жыйынтыктарын туруктуу негизде же бир жолку баалоо.
милдеттери