Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-августу № 27
2027-2029-жылдарга бюджеттин киреше долбоорунун орто мөөнөттүү
болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 95-бөлүмүнүн 19-беренесине ылайык, Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлүк жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде Нарзан айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарзан айыл өкмөтүнүн 2027–2029-жылдарга кирешелеринин жана чыгашаларынын орто мөөнөттүү болжолун 1-тиркемеге ылайык бекитүү.
2.Бюджеттин киреше бөлүгү:
-2027-жыл – 224 560,9 миң сом
-2028-жыл – 225 723,2 миң сом
-2029-жыл – 225 873,2 миң сом
3. Бюджеттин чыгаша бөлүгү:
-2027-жыл – 224 560,9 миң сом
-2028-жыл – 225 723,2 миң сом
-2029-жыл – 225 873,2 миң сом
4. Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жүктөлсүн.
5. Бул токтом каттодон өткөрүлүп, Нарзан айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
2026-жылдын 8-сентябрында https://gagsmsu.kg/wp-content/uploads/2026/09/%D0%A2%D0%9E%D0%9A%D0%A2%D0%9E%D0%9C-%E2%84%9627.pdf расмий сайтында жарыяланды
6.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестициялар, ишкердик ишмердүүлук жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.у.а. | Э.У.Умутбеков |
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү 1-тиркеме)