Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 1
Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин
жана социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышын
кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы № 59 Бюджеттик кодексин жетекчиликке алып, ошондой эле Ынтымак айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы тарабынан берилген отчеттордун жана материалдардын негизинде, Ынтымак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет төмөнкүдөй бекитилсин:
- жалпы киреше 44218,4 миң сомду түздү, бул пландаштырылган көрсөткүчтөрдүн 96,6%ын түзөт;
- жалпы чыгаша 46506,3 миң сомду түздү, бул пландаштырылган көрсөткүчтөрдүн 100%ын түзөт (2025-жылдын 1-январына карата акча каражаттарынын калдыгынын эсебинен).
2. Билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана социалдык маселелер жаатындагы негизги жетишкендиктер чагылдырылган Ынтымак айыл окмотунун 2025-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө отчет бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн аткаруу органына финансылык башкарууну жакшыртуу , бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу боюнча ишти улантуу сунушталсын
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды
________________
Таркатылсын: иш кагаздарына, ФЭБ, финансы маселелери боюнча комиссия
Төрага | К. Асанов |