Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 3
Ынтымак айылдык кенешинин 2024-жылдын 03-декабрындагы No 3
"Туруктуу комиссиялардын курамын бекитүү жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Нуриза Кенжебековна Акматалиеванын депутаттык ыйгарым укуктарын токтотушуна жана анын ордуна Эркингуль Бектемировна Осмонованын дайындалышына байланыштуу, 2000-жылдын 13-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамын, ошондой эле КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Ынтымак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамынан депутат Нуризу Кенжебековна Акматалиеваны чыгаруу.
2. Финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутат Эркингуль Бектемировна Осмонованы киргизүү.
3. Туруктуу комиссиянын калган курамы өзгөрүүсүз калат.
4. Токтом Ынтымак айылдык кеңешинин төрагасы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом Ынтымак айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Чүй – Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Жылдызбек кызы Меризге жүктөлсүн.
________________
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, комиссия мүчөлөрүнө
Төрага | К. Асанов |