Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 5
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды
тамактандырганы үчүн төлөмдүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин жазуу жүзүндөгү кайрылууларынын, ата-энелер чогулуштарынын протоколдорунун негизинде, тамак-аш азыктарынын кымбатташына байланыштуу, балдардын толук кандуу тамактануусун камсыз кылуу жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактануу үчүн төлөмдөрдү тартипке келтирүү максатында, Ынтымак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдарды тамактандыруу акысынын өлчөмүн бекитүү: «Солнышко Полтавка» жана «Орто – Суу Баластан» бир балага бир күнгө 120 сом өлчөмүндө.
2. Аталган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери бул токтомду тарбиялануучулардын ата-энелерине (мыйзамдуу өкүлдөрүнө) жеткирүүсү зарыл.
3. Токтом менен бекитилген тамак-аш акысынын өлчөмү 2026-жылдын 1-мартынан тартып колдонууга киргизилсин.
4. Токтом Ынтымак айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине каттоо жана киргизүү үчүн Чүй – Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Жылдызбек кызы Меризге жүктөлсүн.
________________
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, ФЭБ, МЧББ.
Төрага | К. Асанов |