Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 7
Долбоорду биргелешип каржылоо үчүн каражат бөлүү жөнүндө
Ынтымак айылдык кеңешинин депутаттарынын отуруму "Экскаватор атайын техникасын сатып алуу" долбоору боюнча берилген материалдарды угуп, талкуулап, ошондой эле Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Астаровдун бул долбоорду биргелешип каржылоого 20% акча каражатын бөлүү жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин, төмөнкүлөрдү токтом кылат:
1. "Экскаватор-спецтехниканы сатып алуу" долбоорунун бюджетин Чүй облустук өнүгүү фонду менен биргеликте жалпы суммасы 5 250 000 (беш миллион эки жүз элүү миң) сомго, анын ичинен Чүй облустук өнүгүү фондунун каржылоосу 4 200 000 (төрт миллион эки жүз миң) сом, Ынтымак айыл өкмөтүнүн кошо каржылоосу 1 050 000 (бир миллион элүү миң) сом өлчөмүндө бекитсин..
2. Токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына көзөмөлдөө жүктөлсүн.
2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды
________________
Таратуу: ишке, ФЭО, Чүй облустук өнүктүрүү фонду, КР Финансы министрлигинин Жайыл району боюнча башкармалыгы.
Төрага | К. Асанов |