Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 8
2026-жылга Ынтымак айыл аймагынын аймагындагы калктуу конулштардын
таштанды чыгаруу жыйымдарынын колдонулушун узартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын салык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75 жана 76-беренелеринин негизинде, жергиликтүү бюджетке жыйымдардын өз убагында түшүшүн камсыз кылуу максатында жана Ынтымак айыл өкмөтүнүн сунушун карап чыгып, Ынтымак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ынтымак айылдык кенешинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 4 токтому менен бекитилген Ынтымак айылдык аймагынын аймагындагы калктуу конуштардагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкалары 2026-жылга чейин ар бир кызматкерге жылына 50 сом өлчөмүндө өзгөртүлбөстөн узартылсын.
2. Таштандыларды алып чыгуу үчүн жыйымды төлөө жана төлөмчүлөр тарабынан маалыматтык эсептешүүлөрдү берүү мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине катуу ылайык - 2026-жылдын 1-апрелине чейин белгиленсин.
3. Бекитилген тарифтер жана мурдагы мезгилде колдонулган жыйымдарды төлөө тартиби 2026-жылга чейин күчүндө болот деп бекитилсин.
4. Токтом анын расмий жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет жана анын күчүн 2026-жылдын 1-январынан тартып пайда болгон укуктук мамилелерге жайылтат.
2026-жылдын 12-июлунда https://yntymak-ao.gov.kg/documents/%d1%8b%d0%bd%d1%82%d1%8b%d0%bc%d0%b0%d0%ba-%d0%b0%d0%b9%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%ba-%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d0%b5%d1%88%d0%b8%d0%bd%d0%b8%d0%bd-2026-%d0%b6%d1%8b%d0%bb%d0%b4%d1%8b%d0%bd-10-%d1%84%d0%b5/ расмий сайтында жарыяланды
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Ынтымак айыл кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу иштеп жаткан комиссиясына жүктөлсүн.
________________
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Жайыл районунун МСКБ.
Төрага | К. Асанов |