Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 06-августу № 01-5/ 111
Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо
фонду жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XX сессиясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана бюджеттик процессти өнүктүрүүдө жергиликтүү коомчулуктун ролун күчүтүү, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин колдоо фонду жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 230-Б буйругун аткаруу максатында Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмү 2026-жылдын 04-августунда сунуштаган № 01-28/2790 сандуу чыгыш катына берген шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин тийиштүү беренелеринен фондун ишмердүүлүгүн камсыз кылууга жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин каржылоого 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|
|
1-ТИРКЕМЕ БЕКИТЕМ Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасы __________С.П.Маматкулов. № 01-5/111 токтомуна тиркеме
|
КОЧКОР-АТА ШААРЫНДА КӨМҮҮ ЖАЙЛАРЫН БРОНДОО ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду жөнүндө жобо (мындан ары — Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдарынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана жергиликтүү жамааттын демилгелерин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоонун тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) демилгелүү топ – жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фондунун эсебинен каржылануучу долбоорду ишке ашыруу боюнча жалпы кызыкчылык менен бириккен, кызыкдар жеке же юридикалык жактардын тобу;
2) долбоордук өтүнмө — ушул Жободо каралган эрежелерге ылайык жергиликтүү жамааттардын демилгелерин тандоого катышуу үчүн демилгелүү топ тарабынан ЖӨБ органына берилүүчү документтердин топтому;
3) долбоор — тиешелүү аймактын жашоочулары үчүн коомдук пайдалуу натыйжага жетишүүгө багытталган, демилгелүү топ тарабынан сунушталган жана бекитилген каржылоонун көлөмүнүн чегинде белгиленген мөөнөттөрдө ишке ашырылуучу өз ара байланышкан иш-чаралардын комплекси;
4) жарандардын жыйындары (чогулуштары) – тиешелүү аймактын тургундарынын жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелерди чечүүгө, сунушталган демилгелерди биргелешип талкуулоого жана тигил же бул маселелер боюнча ЖӨБ органдарына өз пикирин билдирүүгө түздөн-түз катышуусунун формасы;
5) жарандык демилгелер – коомдук маанидеги көйгөйлөрдү чечүүгө, жашоо сапатын жакшыртууга жана жарандык коомду чыңдоого багытталган, жарандар тарабынан демилгеленген долбоорлор;
6) жаштар демилгелери – жаштардын өкүлдөрү тарабынан демилгеленген, алардын потенциалын ачууга жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусуна көмөктөшүүчү долбоорлор;
7) мектептик демилгелер – жалпы билим берүү уюмдарынын (мектептердин) окуучулары тарабынан окуу процессин камсыз кылуу жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча демилгеленген жана мектептин жетекчилигинин атынан жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фондуна сунушталган долбоорлор;
8) коомдук маанидеги долбоорлор — жергиликтүү жамаат үчүн оң таасирге ээ болгон, коомдук керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган долбоорлор.
3. Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо фонду (мындан ары – Фонд) – жергиликтүү маанидеги маселелерди же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын алкагындагы башка иш-чараларды чечүү үчүн, Кочкор-Ата шаарынын аймагында жашаган же жайгашкан жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча долбоорлорду каржылоого багытталуучу жергиликтүү бюджеттин каражаттары.
4. Фонддун максаты – жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык ынтымакты чыңдоого жана шаардын/айыл аймагынын тургундарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо.
5. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, коомчулукка маалымдуулук жана жергиликтүү жамаат алдында отчеттуулук, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын максаттуу, сарамжалдуу пайдалануу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринин негизинде жүзөгө ашырат.
6. Фонддун акча каражаттары сынактык негизде берилет, Фонддун каражаттарынын башкы тескөөчүсү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.
7. Фонддун каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр каржыланат: жарандык демилгелер, жаштар демилгелери, мектептик демилгелер.
II. Фондду түзүүнүн жана ишинин тартиби.
8. Фонд юридикалык жак статусуна ээ эмес.
9. Фонд жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде түзүлөт.
10. Фонддун акча каражаттарынын жалпы көлөмү жыл сайын жергиликтүү бюджеттин тиешелүү жылга бекитилүүчү жалпы көлөмүндө жергиликтүү кеңештин чечими менен каралат. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун артыкчылыктуу багыттарын аныктоого укуктуу.
11. Эгерде алар жергиликтүү бюджеттин курамына чегерилген болсо, эл аралык жана башка уюмдардын каражаттарынын, ыктыярдуу кайрымдуулуктардын эсебинен Фонддун акча каражаттарынын көлөмүн көбөйтүүгө жол берилет.
12. Долбоорлорду каржылоо чыгашаларды бюджеттик классификациянын элементтери боюнча тиешелүү чыгымдарга таандык кылуу менен жергиликтүү бюджетти аткаруунун тартибине ылайык жүзөгө ашырылат.
13. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган объекттер муниципалдык менчик объекттери болуп саналат. Бул объекттерди башкаруу Кыргыз Республикасынын муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырылат.
14. Фонддун эсебинен төмөнкүдөй чыгымдарды каржылоого жол берилбейт: эмгек акыны же өтүнмө берүүчү тарапка башка сый акы төлөө, камсыздандыруу төгүмдөрүн, салыктарды, жыйымдарды төлөө, кредиттер жана зайымдар боюнча милдеттенмелерди төлөө жана тейлөө, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга түздөн-түз байланышпаган башка чыгымдар.
15. Төмөнкү долбоорлор каралбайт:
1) долбоордук-сметалык документацияны иштеп чыгууну талап кылган;
2) кошумча каржылоо булактары тартылган учурларды кошпогондо, наркы 500 000 сомдон ашкан;
3) ишке ашырылышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирбеген;
4) айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген.
16. Долбоорлор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Кийинки бюджеттик жылга бюджет жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилгенден жана Фондду ишке ашырууга бөлүнө турган каражаттардын өлчөмү аныкталгандан кийин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн расмий сайтында, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жана башка жеткиликтүү ыкмалар менен муниципалдык түзүлүштүн жашоочуларына долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө маалымдайт.
18. Кийинки жылга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун башталыш мөөнөтү учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирбестен белгиленет.
19. Кийинки жылга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун аяктоо мөөнөтү учурдагы жылдын 31-августунан кечиктирбестен белгиленет.
20. ЖӨБдүн аткаруу органы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары коммерциялык эмес уюмдардын жана жергиликтүү активисттердин колдоосу менен Фонддун иштөө эрежелери жөнүндө маалыматтык кампания уюштурат жана демилгелүү топтордун түзүлүшүнө көмөктөшөт.
21. Демилгелүү топ 1-тиркемеде берилген форма боюнча долбоордук өтүнмөнү иштеп чыгат.
22. Демилгелүү топтор долбоордук өтүнмөнү ЖӨБдүн аткаруу органында каттайт. Каттоо формасы 2-тиркемеде берилген.
23. Демилгелүү топ төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жана подрядчыдан долбоорду даярдоонун жана ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат суроого;
2) долбоорду ишке ашыруу процессинде мониторинг жүргүзүүгө;
3) долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө коомчулукка маалымдоого;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен макулдашуу боюнча долбоорду даярдоодо жана ишке ашырууда башка аракеттерди аткарууга.
24. Долбоорлорду каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин 30 календардык күндүн ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоор ишке ашырылышы пландалган аймакта жергиликтүү жамааттын жарандарынын жыйынын (чогулушун) уюштурат.
25. Эгерде жыйынга (чогулушка) катышкандардын көпчүлүгү долбоор үчүн добуш берсе, долбоор жарандардын жыйынында (чогулушунда) жактырылды деп эсептелет.
26. Жарандардын жыйынында (чогулушунда) жактырылган долбоорлордун тизмеси протокол менен таризделет, ал ЖӨБдүн аткаруу органына жөнөтүлөт жана коомдук маалымдоонун ар кандай булактары аркылуу жарыяланат.
27. ЖӨБдүн аткаруу органы долбоорлорду алдын ала тандоонун башка ыкмаларын өз алдынча аныктоого укуктуу. Негизги шарт — жарандардын долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо процессине мүмкүн болушунча көбүрөөк маалым болушу жана катышуусу.
28. Эгерде долбоорду ишке ашыруу ЖӨБ органынын ыйгарым укуктарына же бюджеттик жол-жоболорго туура келбесе, ЖӨБдүн аткаруу органы долбоорду өзгөртүү боюнча өз сунуштарын киргизүүгө укуктуу. Мындай учурда демилгелүү топ долбоорлорду каттоо аяктаган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде аныкталган эскертүүлөрдү четтетүүгө жана долбоордук өтүнмөнү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кайрадан киргизүүгө укуктуу.
29. Долбоорлорду баалоо жана акыркы тандоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы курамы 3 адамдан кем эмес комиссия түзөт жана төрагасын дайындайт. Комиссиянын ишине төмөнкү адамдардын катышуусу милдеттүү:
- ЖӨБдүн аткаруу органынын өкүлү
- жергиликтүү кеңештин депутаты,
- коммерциялык эмес уюмдун өкүлү.
30. ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчиси комиссиянын иштөө тартибин бекитет.
31. Долбоорлорду тандоо критерийлерге ылайык комиссиянын ар бир мүчөсү упай түрүндө койгон баалоонун негизинде жүргүзүлөт. Упайлары менен критерийлердин тизмеси 3-тиркемеде берилген. Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча долбоорлорду баалоо боюнча комиссиянын жыйындарын онлайн режиминде өткөрүүгө жол берилет.
32. Ар бир долбоор боюнча ошол конкреттүү долбоорго карата комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн баалоо барактарынын негизинде орточо упай аныкталат. Баалоонун жыйынтыгы боюнча 50 жана андан көп упай топтогон долбоорлор аныкталат. Эң жогорку упайдан төмөнкү упайга карай принцип боюнча долбоорлордун рейтинги түзүлөт.
33. Комиссия рейтингдин негизинде эң жогорку упай топтогон жана жалпы бюджети Фонд үчүн бекитилген көлөмдөн ашпаган долбоорлордун тизмесин аныктайт.
34. Комиссия тандалып алынган долбоорлордун тизмесине баалоо рейтингинде кийинки орундарды ээлеген резервдик долбоорлорду киргизүүгө укуктуу. Резервдик долбоорлордун саны комиссия тарабынан аныкталат. Бул резервдик долбоорлор кандайдыр бир себептер менен тандалган долбоорлор ишке ашпай калган учурда зарыл болот.
35. Долбоорлорду бекитүү боюнча комиссиянын чечими комиссиянын катышып отурган мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат. Долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын чечиминин протоколу ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчисине кароого жана жактырууга жөнөтүлөт.
36. ЖӨБдүн аткаруу органынын жетекчиси комиссиянын чечими менен жактырылган долбоорлордун тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуксуз. Эгерде комиссия тарабынан ушул Жобонун талаптарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушу аныкталса, ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысы комиссияга бузууларды оңдоо зарылдыгы жөнүндө маалымдайт же сынакты жокко чыгаруу жана жаңы сынак өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
37. Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси ЖӨБдүн аткаруу органынын сайтында (техникалык мүмкүнчүлүк болгон учурда), ошондой эле маалымат такталарында же коомдук маалымдоонун башка булактарында жарыяланат.
38. Колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен бекитилген долбоорлор боюнча тиешелүү техникалык жана финансылык документацияны даярдоону ЖӨБдүн аткаруу органы жүзөгө ашырат.
III. Долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг
39. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы кеминде 6 айда 1 жолу же демилгелүү топтун суроо-талабы боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жергиликтүү кеңешке жана демилгелүү топко маалымат берет.
40. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоордун жыйынтыктарына жетишүү жана Фонддун каражаттарын натыйжалуу пайдалануу үчүн жергиликтүү кеңешке отчет берет.
41. Долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун төмөнкү деңгээлдери белгиленет:
1) жергиликтүү кеңеш ушул Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы долбоорду ишке ашыруунун алкагында жумуштарды жана кызматтарды аткаруучу тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзөт;
3) Демилгелүү топ долбоорду ишке ашырууга өз алдынча мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө укуктуу.
42. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жарандар үчүн Фонддун иши жөнүндө маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат.
IV. Долбоорлорду ишке ашыруудагы жоопкерчилик
43. Иштердин сапатын көзөмөлдөө жана ишке ашырылган долбоорлордун алкагындагы объекттерди пайдаланууга кабыл алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлөт.
44. Долбоорлорду ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) мыйзам талаптарын сактоо, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына ылайык жумуштарды, товарларды жана кызматтарды сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү;
2) долбоорлорду ишке ашырууга багытталган финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу.
Жооптуу катчы |
М.Мадосмонов.
|