Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-сентябры №01-5/ 63
Суу менен камсыздоо бөлүмүнүн, эсептик
тарифтин ортосундагы айрыманы жергиликтүү
бюджеттен төлөп берүү маселесин кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын «Кыргызнефтегаз» ААКна караштуу калкты суу менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчисинин эсептик тарифтин ортосундагы айырманын ордун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо» Тартибинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы керектөөчүлөр үчүн жеңилдетилген тариф менен эсептик тарифтин ортосундагы айырманын орду толукталган шартта жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдетилген тарифтерди бекитүүгө укуктуу» -деген 10-пунктуна таянып жергиликтүү бюджеттен толуктап берүүнү сураган кайрылуусуна берген Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республиксынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Жеке жактарга (калкка) ичүүчү суунун тарифи 1м3 үчүн 13 сом 09 тыйындан, ал эми саркынды суулардын тарифи 1м3 үчүн 17сом 34 тыйындан өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Суу менен камсыздоо бөлүмүнүн, эсептик тарифтин ортосундагы 15 447 800(он беш миллион төрт жүз кырк жети миң сегиз жүз) сом айырманы жергиликтүү бюджеттен төлөп берүүнүн мыйзамдуулугун карап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы № 320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо» тартибине ылайык аткарууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков
|