Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-сентябры №01-5/64
Жалпы пайдалануудагы коомдук транспортунда
жүргүнчүлөрдү ташууга жол кире акысын
бекитүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы, шаардык мэриянын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 01-28/2890 сандуу чыгыш каты менен Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик алминистрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 111 пункчасына таянып жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитип берүүнү суранып жазган кайрылуусун талкуулап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 01-28/2890 сандуу чыгыш каты эске алынсын.
2. Жалпы пайдалануудагы коомдук транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга жол кире тарифи, мектеп окуучуларына жана пенсионерлерге 10 (он) сомдон, ал эми калган чоң адамдарга 20 (жыйырма) сомдон болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жана «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков
|