Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 26-сентябры №01-5/ 65
Лизинге кызматтык унаа сатып алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы, шаардык мэриянын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 01-28/2890 сандуу чыгыш каты менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 21-январындагы «товарларды артыкчылыктуу тартипте ата мекендик өнөр жай продукциясын өндүрүүчүлөрдөн сатып алууну сунушталган» № 11 тескемесин аткаруу максатында, «Тулпар-Моторс» унаа заводунда өндүрүлгөн Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааларды лизинг жолу менен эки даана унаанын бирин атайын каражаттын эсебинен жети жылдык мөөнөткө «Таза шаар» муниципалдык ишканасына, экинчиси муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине жергиликтүү бюджеттен, Департаменттин өздөрү топтогон арендадан түшкөн акчанын эсебинен алууга макулдук берүүнү суранып жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 01-28/2890 сандуу чыгыш каты эске алынсын.
2. «Таза шаар» муниципалдык ишканасына, «Тулпар-Моторс» унаа заводунда өндүрүлгөн Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааны лизинг жолу менен атайын каражаттын эсебинен жети жылдык мөөнөт менен сатып лизинге алууга макулдук берилсин.
3. Муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине өздөрү топтогон арендадан түшкөн акчанын эсебинен «Тулпар-Моторс» унаа заводунда өндүрүлгөн Chevrolet Tracker үлгүсүндөгү унааны жети жылдык мөөнөт менен лизинге алууга макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэрине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.К.Сатаров.
|