КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №01-5/ 67
«Жер тилкесин муниципалдык
менчикке өткөрүп алуу жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын XII кезексиз сессиясы, Садовая көчөсүндөгү көп кабаттуу 56-үйүнүн күн чыгыш тарабындагы, көз оорулар менчик клиниканын күн батыш тарабындагы бош жаткан жерди муниципалдык менчикке өткөрүп алуу маселеси менен шаардык мэриянын 2025-жылдын 02-октябрында № 01-25/3062 сандуу чыгыш катына берген шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын Садовая көчөсүндөгү көп кабаттуу 56-үйүнүн күн чыгыш тарабы менен көз оорулар менчик клиниканын күн батыш тарабынын ортосундагы бош жаткан 444 (төрт жүз кырк төрт) м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
3. Муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоону муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү берген шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.К.Сатаров.
|