Редакцияот 05.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

   КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

    ТОКТОМ

                                                                                                         

 

  2025-жылдын 10-октябры    №01-5/ 68

 

«Жер тилкесин муниципалдык менчикке

өткөрүп алуу жөнүндө»

 

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XII кезексиз сессиясы, Апас Джумагулов атындагы эс алуу багынын ичинде жайгашкан Маматова Калийчага таандык болгон 680м2 жер тилкесин өз каалоосу менен макул болуп муниципалдык менчикке өткөрүп берип жаткандыгы боюнча шаардык мэриянын 2025-жылдын 02-октябрында № 01-25/3061 сандуу чыгыш катына берген шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

 

2. Апас Джумагулов атындагы эс алуу багынын ичинде жайгашкан Маматова Калийчага таандык болгон 680 (алты жүз сексен) м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

3. Муниципалдык менчикке өткөрүп алуу боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоону муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү берген шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн..

 

 

 

Төрага

 

                                         С.К.Сатаров.