КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №01-5/ 69
«Жер тилкесин спорт зал курууга
ажыратып берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XII кезексиз сессиясы, Н.Исанов жатак мектебинин спорт талаасынын түштүк тарабынан 1500м2 жер тилкесин бокс боюнча машыгуу залын курууга сурап жаткан мэриянын катына, шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундуну угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы корутундусу эске алынсын.
2. Н.Исанов жатак мектебинин спорт талаасынын түштүк тарабына спорттун бокс түрү боюнча машыгуу залын куруу үчүн сураган 1500 (бир миң беш жүз) м2 жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Курулуш иштерине тийиштүү иш кагаздарын даярдоону муниципалдык менчикти башкаруу Департаментине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү берген шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.К.Сатаров.
|