Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №01-5/ 71
«Төраганын милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы, шаардык Кеңештин төрагасынын өз каалоосу менен ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтоткондугуна байланыштуу, кайрадан төраганы шайлоо өткөргөнгө чейин, төраганын милдетин аткаруучуну дайындоону талкуулап Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагалыгына кайрадан шайлоону өткөргөнгө чейин төраганын милдетин аткарууну, төраганын орун басары Орозова Арзыкан Кочкоровнага милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын «мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
Н.А.Абдуразаков
|