КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры №01-5/75
«Муниципалитеттер аралык кызматташуу келишимин бекитүү жүнүндө»
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XII сессиясы, Жергиликтүү деңгээлде коммуналдык таштандылар менен иштөө чөйрөсүндө башкаруунун натыйжалуулугун жана системалуулугун жогорулатуу, коммуналдык таштандыларды чогултууну, ташып чыгарууну, кайра иштетүүнү, зыянсыздандырууну жана көмүүнү уюштурууда бирдиктүү талаптарды жана ыкмаларды белгилөө, ошондой эле тиешелүү келишимдерди жана макулдашууларды түзүүдө укуктук аныктыкты камсыз кылуу максатында 2025-жылдын 13-октябрындагы № 01-28/3258 сандуу катын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен муниципалдык ишкананын ортосундагы каттуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана утилдештирүү боюнча типтүү келишим бекитилсин жана макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын мэр А.Э.Нарматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңешинин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ц
Төрага |
С.К.Сатаров.
|