Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 15-июнундагы №01-5/101
Долбоорду артыкчылыктуу деп табуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин кезексиз XVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин сырткы фасадын капиталдык ремонттоо боюнча шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчилиике алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын сунушу эске алынсын.
2. №15 Беки уулу Семетей атындагы мектебинин жалпы сметалык баасы 9 711 980 (тоугз миллион жети жүз он бир миң тогуз жүз сексен) сомдук капиталдык ремонттоо долбоору артыкчылыктуу деп табылсын.
3. №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектебинин сырткы фасадын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун жалпы суммасынын 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин, калган 8 211 980 (сегиз миллион эки жүз он бир миң тогуз жүз сексен) сом акча каражаты Жалал-Абад облусттук өнүктүрүү фондунан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэрине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
А.К.Орозова
|