Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №01-5/102
«Жомок» балдар бакчасынын абалы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, шаардык Кеңешинин 2026-жылдын 26-майындагы № 01-5/89 токтому менен бекитилген шаардык Кеңешинин иш-планынынын 8-графасына ылайык, шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы, Ноокен райондук санитария эпидемиология станциясынын врачы менен биргеликте «Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалынын начар экендигине күбөө болуп, шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундуну талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. «Жомок» балдар бакчасынын иштөө абалы, тазалыгы жана балдардын катышуусу «канааттандырарлык эмес» деп белгиленсин.
3. «Жомок» балдар бакчасынын жетекчиси Сапарова Арзыканга тартиптик чара көрүүнү Ноокен райондук билим берүү бүлүмүнүн жетекчилигине сунушталсын.
4. Токтомдун акарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|