Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №01-5/103
Суу менен камсыздоо бөлүмү тарабынан
көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын
баасы (прейскуранты) боюнча маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Суу менен камсыздоо бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын баасы (прейскуранты), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмү менен макулдашылып, «Кыргызнефтегаз» ААКу тарабынан бекитилип келген. Акы төлөнүүчү кызматтардын мамлекеттик реестринен чыгарылгандыгына байланыштуу аталган министрликтин 2026-жылдын 12-майындагы № 22 буйругу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жокко чыгарылып, «Кыргызнефтегаз» ААКу прейскуранттарды бекитүү укугуна ээ болуп, нарк салыгы эсепке албастан бир саатык жумуш көлөмүнө ылайык эсептелип көрсөтүлгөн баасына шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундуну талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызнефтегаз» ААКунун 2026-жылдын 18-майындагы № 226 сандуу буйругу менен бекитилген Суу менен камсыздоо бөлүмү тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын баасы (прейскуранты) боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. Маалыматты шаар тургундарына жеткирүүнү Эл башына, квартал жетекчилерине жана суу менен камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов.
|