Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №01-5/104
Шаар аймагындагы жол чырактарын
оңдоого акча каражатын
ажыратуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2026-жыл аралыгында аткарылуучу иштердин планы 2026-жылдын 26-майындагы № 01-5/92 токтомуна ылайык бекитилип, ошол токтомдун 5-пунктунун 61-графасындагы «шаар аймагына 10 даана аялдама куруу» жалпы суммасы 2 000 000 (эки миллион) сомдун 1 400 000 сомун калтырып, 600 000 (алты жүз миң) сомун шаар аймагындагы жол чырактарын (светофор) оңдоо иштерин которуп берүүнү сураган мэриянын 2026-жылдын 03-июнундагы чыгыш № 01-28/1824 сандуу катына берген шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. 2026-жылдын 26-майындагы № 01-5/92 токтомунун 5-пунктунун 61-графасындагы жалпы суммасы 2 000 000 (эки миллион) сомдук «шаар аймагына 10 даана аялдама куруу» жумушунан, 600 000 (алты жүз миң) сомун «шаар аймагындагы жол чырактарын (светофор) оңдоо» иштерине которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|