Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июлу №01-5/105
Жер тилкесин муниципалдык менчиктин
балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, шаардык мэриянын алдында түзүлгөн муниципалдык менчикти башкаруу Департаментинин Транспорт көчөсүндөгү 150м2 жеп тилкесин муниципалдык менчиктин балансына кабыл алуу боюнча берген сунушуна Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2. Транспорт көчөсү менен Тургенева көчөсүнүн кесилишиндеги бош жаткан 150м2 жер тилкесин балдар ойноочу жай куруу үчүн муниципалдык менчиктин балансына өткөрүп алууга уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаар мэрине жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|