Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 09-июлу №01-5/108
Долбоордук сметалык документтерди
даярдоого акча каражатын
ажыратуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы, шаарыбыздын аймагына шаарыбыздан чыгынды сууларды тазалоочу жаңы курулманы курууга долбоордук сметалык документтерин даярдоого акча каражатын ажыратып берүүгө жазган мэриянын 2026-жылдын 07-июлундагы чыгыш № 01-28/ 2461 сандуу катына шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясы берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 07-июлундагы № 01-5/2461 сандуу каты эске алынсын.
2. 2026-жылдын 26-майында бекитилген № 01-5/92 токтому менен 2026-жылга бекитилген Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү бюджеттинин 5-пунтунун 19-графасындагы «балдар ойноочу аянтчага» ажыратылган 5 000 000сомдун 2 000 000сому;
- 20-графадагы «Эс алуу багына ажаткана курууга каралган» 2 000 000сом;
- 25-графадан үнөмдөлгөн 1 700 000сом;
- 49-графасындагы «Бешкоргон сел арыгындагы көпүрөнү капиталдык ремонттон өткөрүүгө» каралган 2 500 000сом толугу менен;
- 61-графадагы «он даана аялдамага курууга» каралган 2 000 000 сомдун 1 400 000сому, жалпысы болуп 9 600 000сом акча каражаты чыгынды сууларды тазалоочу жай куруунун долбоордук сметалык документтерин даярдоого ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну мэрге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
С.П.Маматкулов
|