Редакцияот 24.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 24-сентябры № 720-VIII

Республикадагы экологиялык коопсуздук абалын иликтөө боюнча

убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

 

Республикада түзүлгөн экологиялык кырдаалды, калк арасында онкологиялык жана өпкө ооруларынын санынын өсүшүн эске алып, ошондой эле Чүй облусунун Кара-Балта шаарында абаны тазалоо үчүн жабдууларды берүүнү кечиктирүү менен байланышкан жагдайды жана заводдордун иши менен байланышкан айрым маселелерди жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ишеним» депутаттык тобунун 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 133 чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Республикадагы экологиялык коопсуздук абалын иликтөө боюнча төмөнкүдөй курамда убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары – Комиссия) түзүлсүн:

 

Сариев У.А. – «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобунан;

Узакбаев У.К. – «Элдик» депутаттык тобунан;

Мавлянова М.Э. – № 3 көп мандаттуу шайлоо округунан;

Эсенаманова Ч.З. – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;

Чойбеков Б.К. – «Ишеним» депутаттык тобунан;

Шабазов Б.В - «Ишеним» депутаттык тобунан;

Мурзакимова А.Ж. – «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунан.

 

2. Комиссия зарыл болгон учурда өз ишине мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана башка эксперттерди тартууга укуктуу.

 

3. Комиссия үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине аткарылган иштин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берсин.

 

4. Ушул токтом кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 2-октябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8315 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев