Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жыл 02-марты № 7_____
Хан-Тенири айыл аймагынын калкын таза суу менен
камсыз кылуу тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын өндүрүштүк планын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык талкуулап, жергиликтүү кенеш токтом кылат:
1. Хан-Теңири айыл аймагындагы айылдардын ( Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Ак-Чий, Боз-Учук, Жыргалаӊ, Ичке-Жергез, Качыбек, Ново-Вознесеновка, Советское, Токтогул) калкын таза суу менен камсыз кылуу боюнча тарифтер 1 айга төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Ак-Булак айылы (398 кожолук) кубометр менен – 40 сомдон кубуна;
- Ак-Булуӊ айылы (402 кожолук) бир кожолукка 200 (эки жүз) сомдон;
- Ак-Чий айылы (302 кожолук) киши башына 60 (алтымыш) сомдон;
- Боз-Учук айылы (219 кожолук) кубометр менен -25 сомдон кубуна;
- Жыргалаӊ айылы (220 кожолук) киши башына – 50 (элүү) сомдон;
- Ново-Вознесеновка айылы (705 кожолук) киши башына – 50 сомдон;
- Ичке-Жергез айылы (385 кожолук) киши башына – 50 сомдон;
- Качыбек айылы ( 70 кожолук) киши башына – 50 (элүү) сомдон;
- Советское айылы (183 кожолук) кубометр менен – 30 сомдон кубуна;
- Токтогул айылы (302 кожолук) кубометр менен – 40 сомдон кубуна;
- Мектептер, бала бакчалар, ДЭП №11, өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводу, конок үйлөр, – 1000 (бир миӊ) сом бир айына;
- Коммерциялык объектилер(кафе, чайхана, автомойкалар, мончо) – 1500 (бир миӊ беш жүз ) сомдон бир айына;
- ГСВ, ФАПтар – 100(жүз) сомдон бир айына;
2. Ичүүчү таза суу системасына жаӊыдан кошууга – 2500 (эки миӊ беш жүз) сомдон; Ичүүчү таза сууну жабуу жана кайра жандандыруу – 500 (беш жүз) сомдон.
3. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу “Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишкананын директору Б.Кангельдиевге милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин.
5. Токтом МККга басылып чыккан күнү Ысык-Көл облусттук юстиция башкармалыгына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Токтомду аткарууга алуу Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кенештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков