Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕНЕШИ
Т О К Т О М
2026-жылдын 02-март № _9___
Хан-Теӊири айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык,
дренаждык тутумдарын жана суу чарба курулмаларын айыл
өкмөттүн муниципалдык менчигинен Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык Хан-Теӊири айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча адиси М.Токоновдун маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Ичке-Жергез, Боз-Учук, Ак-Булак, Ак-Булуӊ, Токтогул, Советское, Ак-Чий, Качыбек, Ново-Вознесеновка суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана ирригациялык, дренаждык тутумдары жана суу чарба курулмаларын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен Ак-Суу райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.К.Баракановго жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков