Загрузка документа…
ХАН-ТЕНИРИ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
Т О К Т О М
19.03.2026-ж. №__10______
Хан-Теңири айыл аймагында таштанды чыгаруу
боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Хан-Теӊири-тазалык” муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы айылдарда (Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Ак-Чий, Боз-Учук, Ново-Вознесеновка, Жыргалаӊ, Качыбек, Ичке-Жергез, Советское, Токтогул) таштандыларды чыгарууну уюштуруу жана алардын тарифтерин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык жана биргелешкен туруктуу комиссиялардын корутундуларын карап жана талкуулап жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Хан-Теңири айыл аймагындагы айылдарда(Ак-Булуӊ, Ак-Булак, Ак-Чий, Боз-Учук, Ново-Вознесеновка, Жыргалаӊ, Качыбек, Ичке-Жергез, Советское, Токтогул) таштандыларды чыгаруунун тарифи юридикалык жактардан (менчигинин түрүнө карабастан) -350 (үч жүз элүү)сомдон, айылдардагы калктын түтүн башына – 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин жана калктан алына турган төлөм милдеттүү түрдө жыйналсын. Таштандылар көп өлчөмдө чыгарыла турган болсо келишимдин негизинде чыгарылсын.
2. Менчигинин түрүнө карабастан таштанды чыгаруунун тартибин бузгандарга айыл өкмөтүнүн укук бузуулар боюнча комиссиясы тарабынан “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодексине ылайык тиешелүү айып пулдар салынсын.
4. Токтом ММКларга жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Баракановго, токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, жайыт, курулуш, архитектура жана экология боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага Т.Узаков